Ярмарка профессиональной ориентации и зарубежных вузов
Бүгүн, 9-октябрда, №6 жалпы билим берүү мектебинин базасында өзгөчө мааниге ээ болгон кесиптик багыт берүү жана дүйнөлүк жогорку окуу жайлар жарманкеси болуп өттү.
Бул иш-чара 2025-жылдын 29-августунда №6 жалпы билим берүү мектеп менен WOE.KG уюмунун ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде уюштурулду. Аталган меморандум билим берүү тармагында узак мөөнөттүү жана натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле эл аралык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Жарманкеге дүйнөнүн ар кайсы бурчунан, тактап айтканда 25 өлкөдөн келген жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышып, окуучулар менен баарлашты. Алар билим берүү программалары, эл аралык студенттик мүмкүнчүлүктөр жана кесип тандоодогу маанилүү кеңештер менен бөлүшүштү.
Иш-чара мектептин эко-класс аймагында өтүп, көңүлдүү маанайда жана жогорку деңгээлде уюштурулду. Окуучулар дүйнөлүк билим берүү мейкиндиги тууралуу кеңири маалымат алып, келечектеги кесибин тандоодо багыт алышты.
Бул жарманке окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, ар бирине өз максатына ишеним менен жетүүгө шыктануу тартуулады. 🌏✨
Комментарии