День государственного языка
2025-жылдын 23-сентябрында И.В.Панфилов атындагы #6 жалпы билим берүү мектебибизде Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада окуучулар кыргыз тилин даңазалаган ырларды, көркөм чыгармаларды окуп, макал-лакаптарды айтып, комуз күүсүн чертип, улуттук бийлерди аткарышты.
Мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана окуучулар биргеликте мамлекеттик тилге болгон сый-урматты көрсөтүп, тилдин улутту сактоодогу маанисине басым жасашты.
Бул майрамдык иш-чаранын максаты – жаш муундарды мамлекеттик тилди ардактап, аны өнүктүрүүгө үндөө болду
Комментарии