Анонимный опрос в целях профилактики преступности
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тиешелүү тескемесинин негизинде уюштурулуп жатат. Сурамжылоонун негизги максаты жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, басмырлоонун жана рэкетчиликтин алдын алуу, ошондой эле бул багыттагы көйгөйлөрдү аныктоо болуп саналат.
Аталган иш-чара бүгүн райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринде өткөрүлүүдө. Сурамжылоо анонимдүү форматта жүргүзүлүп, катышуучулардын коопсуздугу жана купуялуулугу толук сакталат.
Жыйынтыктар келечекте профилактикалык иш-чараларды күчөтүүгө жана жаштар арасында укук бузуулардын алдын алууга багытталган иш-аракеттерди пландоого негиз болот.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы
Комментарии