«Тил жана Айтматов» Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү айтуу жана обондуу ырлардын кароо-сынагы.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын кабыл алгандыгынын 29 жылдыгына жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыяланган «Тил жана Айтматов» үч айлыгына карата Билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр жана обондуу ырлар сынагы жүргүзүлдү. Кароо-сынак 8-октябрь 2018-ж №18 орто мектебинде өттү.Бул сынакка биздин И.В.Панфилов атындагы №6 АОТК мектеп-гимназиясынын окуучулары өзүнүн чеберчилигин көрсөтө алышты. Конкурска 5-а классынын окуучусу Ташыбеков Санжар Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повестинен Ысмайылдын каты үзүндүсүн көркөм айтып, актердук чеберчилигин көрсөтө алды. (Даярдаган мугалими Турдубаева Б.К). Ал эми 6-классынын окуучусу Кеңешбекова Акниет Ч.Айтматовдун «Бугу эне» чыгармасынан Бугу эненин сөздөрүн көркөм, мыкты көрсөтө алды.(Даярдаган мугалими:Усенбева Г.М). Обондуу ырлар сынагында 5-б классынын окуучусу Бекмурзаева Гулина «Мен кыргызмын» деген ыры менен райондук кароо-сынакта биринчи орунга татыктуу болду. ‘Куттуктайбыз!!! Жаш таланттар, талантыңар өркүндөй берсин!!!
Комментарии