ТӨРТ ТИЛДЕ ЭРКИН СҮЙЛӨП, МЕКТЕПТЕ САБАК БЕРГЕН СТУДЕНТ — НАЗИМА АЙДАРБЕКОВА
Сыймык
Келечек билимдүү, таланттуу жаштардыкы. 12 жашынан англис тилин суудай билип, өзү теңдүүлөргө, ал тургай өзүнөн улууларга сабак өткөн, өзү студент болсо дагы, мектепте сабак берген – Назима Айдарбекова келечегинен көптү үмүттөндүрөт. Орус, англис, түрк, корей тилдерин мыкты өздөштүрүп, борборубуздун №6 мектеп-гимназиясында англис тилинен жана корей тили ийриминен сабак берип жаткан Назима Айдарбекова менен кенен баарлаштык. Каарманыбыз кыргыз, орус, англис тилдеринде ыр, эссе, чакан аңгемелерди да жазып жүрөт.
— Мектепти жаңы эле аяктап, университеттин босогосун аттаарың менен кайра мугалимдик кесипке өтүү оор болгон жокпу?
— Ар бир нерсенин оорчулугу, кыйынчылыгы болгондой башында албетте кыйын болду. Кечээ эле окуучу болуп жүрүп мугалим болгонумду бир жылдан кийин араң кабылдадым (күлүп). Бирок, 12 жашыман эле “Make English” жайкы лагеринде ассистент, мугалимдин жардамчысы болуп, кийин эки группаны жетектегендиктен сабак берүүдөн көп кыйынчылык болгон жок. 8-классымда Балдарды коргоо борборунун “Балдарга карата зордук зомбулуктуу токтотолу” долбооруна катышып, ушул тема боюнча кичүү класстарга да сабак берип калганымдын да пайдасы тийди. Анын үстүнө окуучулук кезимде “Балдарды өнүктүрүү борборунда” корей, англис тилдери, компьютер, оригами боюнча билим алып, таэквандо, футболго катышып жүрдүм. Ошол жакта өзүм теңдүүлөргө, агайларга гитара үйрөтчүмүн. Ойлосом ал кезде жаштык менен эле коркпой сабак өтчү экем. Азыр педагогикалык билим алуу менен бирге эле мугалим болуп иштеп жаткандыктан мурдагы катачылыктарымды түшүнүп жатам.
—Былтыр башка кесиптештериң менен бирге окуучуларга онлайн сабак өттүң. Онлайн сабак өтүүнүн артыкчылыгы бар бекен?
-Бул бир эсе күлкүлүү туюлушу мүмкүн. Бирок, онлайн сабак өтүүнүн биринчи артыкчылыгы — каалаган убагыңда тамактана алат экенсиң. Салттуу режимде иштеп жүргөнүмдө түшкө чейин университетте окуп, түштөн кийин ишке барып убагында тамактана албай калчумун. Онлайн сабак берүүдө сабак өтүү менен башка иштеримди да туташ бүткөрүп, курстарга барганга да убакыт таап жаттым. Бирок, үстүдөн көзөмөл болбогондуктан убакытты туура пайдаланбасаң өз ишиңдин маанилүүлүгүн, олуттуулугун жоготуп алат экенсиң. Ошондуктан убактысын туура, так бөлүштүрө алгандарга онлайн иштөө пайдалуу эле болду. Өзүм технология заманында жашап жаткандыктан интернетти колдонуу жагынан деле көп кыйналбадым. Университетте “zoom” интернет колдонмосу менен окучубуз. Менин окуучуларым “zoom” колдонмосун билишпегендиктен “google meet” колдонмосун үйрөндүм. ——Учурда өзүң сыяктуу жаш кадрларга эмне жетишпейт, алар эмнеден өксүп, каржалып жатышат?
— Менимче жаш кадрларга туура мамиле жетишсиз. Жаш мугалимдер басымдуулук кылган мектептерде жаш кадрлардын ой-пикири, сунуштары эске алынат. А жамаатынын көбү улгайган мугалимдер болгон мектептерде жаш мугалимдерди жашсынтып коюшат. Албетте, көп жыл эмгектенген агай, эжейлерде тажрыйба көп, алардан көп нерсени үйрөнүшүбүз керек. Бирок, жаш кадрлардын да ой-пикири эске алынса иште жакшы натыйжа болмок. Ошону менен бирге эле жаш мугалимдерде дайыма өз алдынча изденүү жетишсиз. Материалдык жактан айтсам, өзүм бирөөдөн, айрыкча мамлекеттен жардам күтпөй аракет кылууну туура көрөм. Себеби, азыр кайсы бир мамлекеттик орган сенин кайрылууңду угуп, ага карата чара көргүчөктү бир топ убакыт өтүп кетет. Ал убакытта аракет кылган жаш мугалим өзү эле бир топ ийгиликке жетишип калат. Анын үстүнө билим берүү тармагынан тышкары эле көп тармактар мамлекеттик колдоого муктаж. Ошондуктан жаштарга мамлекет мындай кылып койсо жакшы болмок деп айтуудан алысмын.
-Мугалим болуу менен кыргыз билим берүүсүндөгү эмне көйгөйлөрдү байкай алды?
— Башында менин көп нерсеге көзүм жетчү эмес. Азыр биздеги билим берүү системасы эскирип, өзгөртүүгө муктаж экенин байкап жатам. Окуучулар мугалимден уга турган нерсени интернеттен, башка маалымат булактарынан деле билип алсак болот деген ой жүгүртүүдө болгондуктан мугалимдин кадыры бир аз төмөндөгөндөй сезилип жатат. Башкача айтканда, СССР доорунда маалымат булактары мугалим менен ата-эне гана болсо, азыркы технология заманында мугалим маалымат булактарынын катарына кирип калды. Ошондуктан заманбап технологияларды, мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен билим берүү системасы толук алмашса бизде өзгөрүүлөр болмок. Албетте, бул талап эмес, менин жекече ой-пикирим.
— Албетте, билим берүү системасы өзгөрүлүшү керек. Ошол эле кезде азыркы мугалимдин өзүндө кандай өзгөрүүлөр болушу кажет?
— Мугалим өтө сабаттуу болуу менен бирге эле азыркы заман менен жашашы керек. Азыркы балдар айрым мугалимдерге караганда көп нерседен кабардар, ар тараптуу болгондуктан мугалим дагы талыкпай изденип, компетенттүү, креативдүү болушу зарыл. Изденгенде да мектеп графигинен, талабынан чыкпай эле издене бербей, учур талабына жараша да изденгени оң. Мисалы, бүгүн ютубду ачканды үйрөнсө, эртең ютубга видеомаалымат жүктөгөндү үйрөнүп алса ал мугалим окуучунун жанында интернет, чөнтөк телефон, компьютер менен иштөөдө көбүрөөк артыкчылыкка ээ болот.
— Изденүү демекчи, окуучуларды кантип окууга кызыктырсак болот?
— Мага кийинки кезде окуучуларды партага тизип отургузуп окутуу жакпай турат. Менимче, партаны бир катарга тизип койбой ар күнү ар башкача тизип окутса болот. Ошондо окуучуда да окууга болгон кызыгуу күчөйт. Сабакты да сөзсүз эле окуу планындагыдай өтпөй кызыктуу кылып өтсө болот. Ал үчүн азыр бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Үйдө деле балага окшош тамактарды, бир эле идишке салып бере берсе бала ал тамактан тажайт. Эгер тамакты башкача түрлөнтүп жасап, үстүн кооздоп, гүлдүү же формасы башкача идиштерге салып берсе бала тамакты кызыгуу менен жейт. Ошол сыңары эле билимди да бала кызыккыдай кылып ар түрдүү методдор менен берсек таасирдүү, сиңимдүү болот.
— Кыргыз, орус, англис тилдеринде эссе, ыр, аңгеме жаза коюп жүрөсүң. Бул келечекте акын, жазуучу болуу максатыбы же бош убактагы эле хоббиби?
— Бир кездерде келечекте акын, жазуучу болсом деген кыялым бар болчу. Азыр турмуш-тиричилик менен алпурушуп жатып жазмачылыгым экинчи планга жылып калды. Бирок, мага жоктон бир нерсе жараткан жагат. Өз калемиңен жаралган ырлар, чыгармалар башкалардын жан дүйнөсүн ойгото алса, окурмандарга жакса негедир эргүү келип жазгың келе берет экен. Тилекке каршы, азыр жазмакерлигим токтоп турат. Бирок, муну эч качан таштабайм.
— Англис тилин билгенге ааламга жол ачылат деп калышат. Англис тилинде эркин ой жүгүртүү, сүйлөө менен эмнеге жетиштиң?
— Англис тилин билүү менен мугалимдик кесипти аркалап, Кыргызстандан, чет өлкөлөрдөн көп жакшы досторду таптым. Бул тилди билүү аркылуу менде чет өлкөдө окуу, иштөө мүмкүнчүлүктөрү ачылды. Өзүңүз билгендей чет өлкөлөрдө экономика кыйла өнүккөн жана ар бир кесип ээсине мамиле, камкордук жакшы. Ал жакта катардагы эле тырмак жасаган адам аябай бааланат. Тил билген кадрлар болсо андан бешбетер жакшы сый-урматка ээ. Ошондуктан мугалим, тилчилер эле эмес ар бир кесип ээси англис тилдүү болсо аларга оңой иш табылып, эмгек акысы да жогору болмок.
— Учурда чет тилдерди билген жаштардын көбү “Кыргызстандын келечеги жок” дешип сыртка кетип жатышат. Буга кандай карайсың?
— Албетте, өзүм биротоло кетиш керек дегенге жете элекмин. Бирок, менин да чет өлкөлөргө чыгып билим алып келүү максатым бар. Менимче, ар бир айтылган сөздүн күчү болгондуктан баарыбыз эле “Кыргызстандын келечеги жок” дей бербей ойлонуп, абайлап сүйлөөбүз керек. Мекенибизге салым кошо албасак да жок дегенде ушул сөздү айтпай койсок өлкөбүзгө чоң пайда келтирген болот элек. Себеби, ансыз деле турмуш ачуу. Аны таттуу кылуу, жашоону, Мекенди ыр, күлкүгө толтуруу биздин гана аракетибизден.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”
Төрт тилде эркин сүйлөп, мектепте сабак берген студент — Назима Айдарбекова
Комментарии