Мамлекеттик тил күнү майрамы
….Бүгүн таң эрте табият да,Жер эне да өзгөчө бир белги бергенсип турду…..Катуу шамал баарын эрте ойготту….Бирок тандын атышы менен күн чайыттай ачылып, нурлары жер бетине чачырап турду.
Ооба,бүгүн тарыхта өзгөчө орду бар күн .Мындан так 30 жыл мурун Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.
Бул мааракеге карата , Бишкек шаарындагы И.В.Панфилов атындагы №: Автордук окуу-тарбия комплекси мектеп-гимназиясында “Тилим менен улукмун,тилим менен улутмун” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү.Кечеде мектеп директору Мырсакматова Гулина Алыкановна куттуктап, өз сөзүндө “Элдин өмүрү, түбөлүктүүлүгү – анын тилинде. Ар бир элдин тили –ошол нечен кылымдык кымбат мурасы” экендигин айтып өттү.
Кече өнөрлүү окуучулардын ыр-бийлери менен коштолуп, шаңга бөлөндү. “Манастын уулу Семетей ” драмасынан үзүндү коюлуп,балдардын актердук чеберчилиги мыкты экендиги көрүндү. Өзгөчө кыргыз ырларынан куралган музыкага бийлегенде, жалпы мектеп окуучулары кыргыз бийин бийлеп турганда жүрөк кубанып калат тура….
Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы. Эне тили – адамдын кан-жаны менен
кошо бүткөн, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.
Тил –элдин кенчи.Тил-улуттук мурас,улуттук байлык.Бул байлыкты колдон чыгарбай сактап калалы!
Бул майрам ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапсын!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү майрамыңыздар менен!
Комментарии